super.kg logo
  Саясат  

Казакстандагы кырдаал: Жогорку Кеңештин жыйыны жабык эшик артында өтөт

 

Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңештин дупутаттары кезексиз жыйынга чогулары кабарланган. Жыйын жабык эшик артында өтөрүн SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Жабык эшик артында өткөн жыйындан кийин бардык маалыматтар басма сөз кызматына берилет. Жыйында депутаттар кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү маселесин да талкуулашы мүмкүн.

Митинг тууралуу кыскача:

Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 5-январда Казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, баш аламандык уланып, демонстранттар бир катар имараттарды басып алышты.

Ал арада президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, кагылышууда жабыркагандар, каза болгондор бар экенин айтып, аскер кызматкерлерине, укук коргоочуларга ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай кырдаалда өлкөдөн тышкары чыкпай турганын, эл ага колдоо көрсөтөрүнө ишенерин белгиледи.

Абал курчуганына байланыштуу Нурсултан Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы дагы өлкөдөн чыкканы айтылды. Ал эми туңгуч президент өзү чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кетүүгө даяр экени кабарланды. Андан кийин Казакстан боюнча өзгөчө абал жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: