Алматынын борборунда адамдар кайрадан чогула баштады
Коңшу Казакстандын Алматы шаарынын борборунда демонстранттар кайрадан чогула баштады. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
"Митингчилер кайрадан Алматыдагы борбордук аянтка чогулуп жатышат. Учурда аянтка адамдардын тобу агылууда. Алматыда интернет дагы деле иштебей жатат", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүн, 6-январь күнү эртең менен Алматынын борбордук аянтында кагылышуу болуп, ондогон адамдар каза болгон.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.