Казакстандагы кырдаал: Алматыдагы кагылышуудан каза болгон полиция кызматкерлеринин саны 12ге жетти
Алматы шаарындагы кагылышууда каза болгон полиция кызматкерлеринин саны 12ге жетти. Бул тууралуу Алматы шаарынын комендатурасы кабарлаган.
Маалыматка ылайык, кагылышта 353 кызматкер жаракат алган. Мындан тышкары башы кесилген адамдын жансыз денеси табылган.
Бүгүн, 6-январь күнү эртең менен Алматынын борбордук аянтында кагылышуу болуп, ондогон адамдар каза болгон.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.