Казакстандын Ички иштер министрлиги "куралдарын таштабагандар жок кылынат" деген билдирүү таратканы айтылды



Казакстандагы тополоң айрым аймактарда дале уланууда. Алматы шаарында аскерлер атайын техникалар менен демонстранттарды качыруу аракетин көрүшүүдө.
SPUTNIK агенттигинин Казакстандагы кеңсеси өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен куралдарын таштабагандар жок кылынарын жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, демонстранттар калаадагы курал-жарак дүкөндөрүн, кампаларды басып алашып, айрым аскерлердин, укук коргоочулардын куралдарын тартып алышкан.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.