super.kg logo

Казакстандагы башаламандык боюнча кылмыш иши козголду

 


Казакстандагы массалык башаламандык, террордук акт боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары кабарлашат.

Андагы маалыматта айтылгандай, башаламандыкты териштирүү боюнча аймактар аралык тергөө топтору түзүлдү. Тополоңдун катышуучулары эң аз дегенде 8 жылга же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле жарандыгынан ажыратылары айтылды.

Митинг тууралуу кыскача:

Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык уланып, демонстранттар бир катар имараттарды басып алышты.

6-январда президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, кагылышууда жабыркагандар, каза болгондор бар экенин айтып, аскер кызматкерлерине, укук коргоочуларга ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай кырдаалда өлкөдөн тышкары чыкпай турганын, эл ага колдоо көрсөтөрүнө ишенерин белгиледи.

Абал курчуганына байланыштуу Нурсултан Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы дагы өлкөдөн чыкканы айтылды. Ал эми тунгуч президент өзү чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кетүүгө даяр экени кабарланды. Андан кийин Казакстан боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Кийинчерээк Касым-Жомарт Токаев өлкөгө террордук чабуул болгонун, мындан улам Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөргө кайрылууну ылайык көргөнүн айтты.

Кагылышуудан улам ондогон адамдар, аскерлер, тартип сакчылары каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракаттарды алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
07.01.2022. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Байкуш баурлар багынарга бир кучтуу лидер болгондо Назарбаевтин мафиясын кулатат эленерго.эми жонокой жарандар азап чегишет,мыйзамдар катаал болот озгортот.ондогон жуздогон Эр азаматтар турмого олтурат.
07.01.2022. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Элге убал болду канала кетет Эми куноосуз
07.01.2022. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элди камап сынжырам дегени го. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт. Эл муну менен токтоп калбайт. Эл ичинен адамдар олсо, азыр болбосо кийинчерээк баары бир Токаевди бийликтен алып тушот казак эли........
07.01.2022. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Antiradikal10,Алып түшө берсин каласан башкасы болсун бирок а дейсин Б дейсин Исилам мамлекетин курабыз казак бир туугандар халифат менен по закону шаряты жашагыла Америка же башка кафурдун законун Америка деген дердин барын дарга асып баштарын кескилеп өлтүргүлө
07.01.2022. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Fernando_Torres,сен талибтердин агенти турбайсынбы.сени тируулой орттош керек.
07.01.2022. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкуштар, аягына чейин чыга албасаңар баштабай эле койболуңарда, эми бөөдө карапайымдар чабылып кетет!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: