super.kg logo

Казакстандын президенти калкына дагы бир ирет кайрылуу жасады

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев казак элин өлкөдөгү тынчтык менен туруктуулукту камсыз кылуу үчүн ынтымакка чакырды.

Бүгүн, 7-январда Токаев православдарды Рождество майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

"Тилекке каршы, өлкөдөгү оор кырдаалга жана киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу Рождество майрамында православдар майрамдай алышпайт. Бирок үйүңүздө жакын адамдарыңыздын жанында болуп, бул жаркын, жакшы майрам туруктуу, руханий, адеп-ахлактык баалуулуктарды, гумандуулук жана кайрымдуулук идеяларын өзүнө камтып, үмүт менен ишенимди жакшылыкка үндөй турганын эстен чыгарбоо керек", - деп айтылат куттуктоо текстинде.

Ал православ чиркөөсү ар дайым тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, казак коомчулугунда өз ара ынтымакты жана ишенимди чыңдоого чоң салым кошуп келгендигин баса белгиледи.

"Диндердин, каада-салттардын жана маданияттардын көп түрдүүлүгү мамлекеттүүлүгүбүздүн бекем пайдубалы. Бүгүн биз үчүн өлкөдө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн биримдикти жана ынтымакты көрсөтүү болуп көрбөгөндөй маанилүү. Биз биргелешип жеңишке жетишебиз деп ишенем. Бардык кыйынчылыктар жана сыноолор биздин башкы байлыгыбыз - элибиздин биримдигин сактап калуу менен", - деген Токаев.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
07.01.2022. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка динди ойлобой өзүңдүн элиңи ойлобойсунбу . Өз элине мыкаачылык менен мамиле жасаган президент
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: