Түндүк Корея Пекинде өтүүчү кышкы Олимпиадага катышуудан баш тартты
Түндүк Корея Пекинде өтүүчү XXIV кышкы Олимпиадага катышуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Биз кастык күчтөрдөн жана глобалдык пандемиядан улам Олимпиадага катыша албайбыз, бирок биз кытайлык жолдошторубуздун кереметтүү Олимпиада оюндарын өткөрүү боюнча ишин толук колдойбуз", - деп айтылат Түндүк Кореянын билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөрү маалым болгон. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча бир гана спортчу жолдомо уткан. Буга чейин АКШ, Жаңы Зеландиянын жана башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү 2022-жылы Пекинде өтүүчү Олимпиадага баруудан баш тартышканы маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Dembele84

07.01.2022. 11:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тундук Корея келсе келбесе да айырма жок,же бир коруноорлук спортсмени жок болсо,акча кетирбей лучше барбай эле койгула!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.