Казакстандын президенти: "Согушкерлер толук жок кылынмайынча антитеррордук аракеттер керек"
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү антитеррордук иш-чаралар согушкерлер толугу менен жок кылынмайынча улантылышы керектигин айтты. Мындай маалымат Казакстан президентинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Токаев бүгүн, 7-январь күнү эртең менен президенттик администрациянын, коопсуздук кеңешинин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилигинин катышуусунда террорчулукка каршы штабдын жыйынын өткөргөн. Жыйында өлкөдөгү ыкчам кырдаал, антитеррордук операциянын жүрүшү, аймактардагы абал талкууланган.
"Террорчулар курал колдонууну улантып, жарандардын мүлкүнө зыян келтирүүдө. Андыктан антитеррордук иш-аракеттер согушкерлер толугу менен жок кылынмайынча улантылышы керек", - деген Токаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Казак эли аягына чейин курошуп Токаевди алып тушмойунчо токтобогула эми.......