super.kg logo

Төмөнкү Ала-Арчадагы 26 жаштагы Айгерим Токобаеванын өлүмү. Сот чечим чыгарды

 

Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында киши колдуу каза болгон 26 жаштагы Айгерим Токобаеванын өлүмү боюнча сот чечим чыгарды. Анда Аламүдүн райондук соту 29 жаштагы О.у.А. менен 32 жаштагы К.у.Ч.ны күнөөлүү деп тапты.

Сот 29 жаштагы айыпталуучуну 17 жылга, 32 жаштагы жаранды 15 жылга эркинен ажыратты.

Эске салсак, 2020-жылдын 26-сентябрында Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылынан 26 жаштагы кызды өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен. Анда 26-сентябрь күнү болжол менен түнкү саат 02:50 чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен.

Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми эркек киши Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
07.01.2022. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Заказчик кана? Акталдыбы
07.01.2022. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атын жазсанар болбойбу,суроту менен корсотуп,кайнинерди тергегенсип с у деп кыскартпай.
Gulina00 түзөттү 2022-01-07 14:36:40
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: