super.kg logo

Токаев: "Казакстанда кырдаал туруктуу болгон аймактарда өзгөчө абал акырындык менен жоюлат"

 

Кырдаал туруктуу болгон аймактарда өзгөчө абал акырындык менен жоюлат. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кайрылууда билдирди.

Президент кайрылууда тынчтык менен митингге чыккан жарандарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал өлкөнүн бир катар аймактарында антитеррордук операция уланып жатканын эске салды.

"Кырдаалды турукташтыруу үчүн күч органдары катуу аракеттенүүдө. Алар тапшырылган милдеттерди аткарууга моралдык жана техникалык жактан даяр", - деди өлкө башчы.

Токаев өз сөзүндө ЖККУга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Казакстан ЖККУга жардам көрсөтүүнү жана контингент жөнөтүүнү суранган. Алар өлкөгө колдоо функцияларын аткаруу үчүн кыска мөөнөткө келди. Армениянын премьер-министри, Беларусь өлкөсүнүн, Кыргыз мамлекетинин, Тажикстандын президенттеринин көрсөткөн колдоосу үчүн рахмат. Мен Орусиянын лидери Владимир Путинге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Ал ЖККУнун төрагасынын кайрылуусуна тез жана жылуу мамиле жасады. Мен Өзбекстандын, Кытайдын, Түркиянын президенттерине, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө ушул оор мезгилде колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирем", - деди өз сөзүндө Токаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
07.01.2022. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оз Элинди душман кылып. Оз жериндеги кен байлыкты. Оз Элине кымбат сатып. Сага окшогондордун балдары, туугандары жыргаап жашап. Казак Эли куураап жашасынбы?? Кеткиле!!! Казак Элинин азаттыкгын колдойм. Казакча айтканда: Шалдын куурчаагысын.Оз Элинди дуйного шылдын кылдын.
07.01.2022. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коркок Токаев
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: