Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа кулады. Айдоочу жеңил жаракат алды



Бишкек-Ош унаа жолунун Беке-Чал тилкесинде ДАФ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кулады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, айдоочу рулду башкара албай калган.
Жүк ташуучу унаа кулап, жолду жаап, жол тыгыны жаралды. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу колунан жеңил жаракат алып, абалы туруктуу экени айтылды.
Ал эми кырдаалды жөнгө салууга 3 куткаруучу, 1 жеке менчик автокран тартылып, оодарылган унаа жол четине чыгарылды. Учурда эки тараптуу жол ачык экенин кабарлашты министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.