super.kg logo

"Акча төлөнүп, энергетикалык суусундуктар берилгенин айтышты". Шымкентте митингчилер кармалды

 

Казакстандын Шымкент шаарында массалык башаламандык учурунда демонстранттарга курал-жарак берип жаткан видео интернетке жарыяланды. Андан номери белгисиз болгон унаадан митингчилер каражаттарды алып жатканын көрүүгө болот.

Бүгүн, 7-январга карата тополоң чыккан аймактарда атайын операция жүргүзүлүп, демонстранттар колго түшүрүлүүдө. Алсак, Шымкент шаарында кармалган митингчилер башаламандыкка чыкканы үчүн аларга акча төлөнүп, энергетикалык суусундуктар берилгенин айтышкан. Бул туурасында Шымкент шаарынын мэринин орун басары билдирди деп жазышат казак маалымат каражаттары.

"Азыр чагымчылар кармалып жатат. Аларга акча төлөнүп, энергетикалык суусундуктар берилгенин айтышып, андан кийин өздөрүн башкара албай калышканын айтышууда. Жаштардын мыйзам бузбоосу үчүн ата-энелерди көзөмөлгө алууга чакырабыз", - деген мэрдин орун басары.

Аталган шаарда башаламандыктан улам 60тан ашуун адам жабыркаганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.01.2022. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Назарбаев менен Токаевдин жетимдери жомок артынан жомок токуп башташты окшойт. Кимди ишендиргиси келип жатат булардын?

Казак бийлиги дуйнолук коомчулукту тыштан даярдалып ишке ашкан террористтик акты деп ишендируунун айла-амалын коруудобу, оз келечеги учун курошкон ошончо элди террористке чыгарып, ар кандай жок жалааларды жаап........
07.01.2022. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Antiradikal10,эл Аллахкты унутса Аллах элди унутуп салат ошон үчүн Аллахка ишениш керек тынч болуп барынызлар Аллахтан дуа кылгыла жин шайтан кафур эвропаны ээрчибей Аллахты эрчигиле
07.01.2022. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 пайыз болушу мумкун. Былтыркы биздеги тонкорушто деле ууланган бекер суусундуктар таратылган болушу мумкун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: