Казакстандагы башаламандык: Алдын ала эсептөөлөр боюнча болжол менен 200 миллион доллар зыян келтирилди

Коңшу өлкөдөгү массалык башаламандык, талап-тоноолордон улам канча зыян келтирилгени эсептелүүдө. Бүгүн, 7-январга карата алдын ала эсептөө боюнча материалдык зыяндын суммасы болжол менен 200 миллион долларды түздү.
Аталган өлкөнүн "Атамекен" улуттук ишкерлер палатасына шилтеме берүү менен казак басылмалары жазышат.
"7-январга карата Казакстандын он облусунда 848 чарбалык субъект жана 1021 объект, анын ичинде Алматы шаарында 789 субъект жана 950 объект зыянга учурады.
"Атамекен" палатасынын маалыматы боюнча, келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы болжол менен 87 миллиард 200 миллион теңгени (болжол менен 200 миллион доллар) түзөт", - деп кабарланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.