Казакстанда өрт өчүрүүчүлөрдүн 33 унаасына кол салынып, 10 кызматкери жаракат алды
Казакстандын ар кайсы аймактарындагы массалык башаламандыктын кесепетинен өрт өчүрүү кызматынын 33 унаасына кол салуу болду. Коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары митингчилер өрт өчүрүүчүлөргө таш ыргытып, аларга каршы ок атышкан деп жазышат.
Маалым болгондой, Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 кызматкери ар кандай жаракаттарды алышкан. Анын ичинде октон жаракат алгандар да бар. 29 өрт өчүрүү техникасы зыянга учурап, 5 унаа толугу менен күйүп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-3

Ал орттонду, бул талкаланып калыптыр деп шылтоолоп аскер ктргизуу акмактын иши...
Токаевдин жомогун жайылтып кимди алдайсынар... Казахстандын ондогон шаарларында которулгон жуздогон мин казактын баары террорист бекен не?!
Баса, Токаевдин башкесер провокаторлору да митингчилер арасында журушкон, атайы буйрук менен. Алардын да "жардамы" чон болду окшойт, орттоого, талкалоого, адам олтурууго...