super.kg logo

Казакстандагы башаламандык. ЖККУнун аскерлери миссияларын аткарууга киришти

 

Жааматтык коопсуздук келишими уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышуу үчүн Казакстанга барган аскердик бөлүмдөр коюлган милдеттерди аткарууга киришти. Казак басылмалары жазган маалыматка ылайык, тартылган аскерлер коргоо боюнча гана тапшырмаларды аткарышат.

"Алар турмуштук маанилүү объектилерди, аэродромдорду жана социалдык инфраструктуранын негизги объекттерин коргоо боюнча тапшырмаларды аткарышат. Казак тарап менен макулдашуу боюнча ЖККУнун жамааттык бейпилдик күчтөрүнүн аскер кызматкерлери өлкөдө жүргүзүлүп жаткан ыкчам жана күжүрмөн иш-чараларына тартылбайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

Кечээ, 7-январда Кыргыз аскерлери Жааматтык коопсуздук келишими уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышуу үчүн Казакстанга учуп кетишти. Анда Кант шаарынан Казакстанга 150 аскер жана 19 техника жөнөтүлдү.
Жогорку Кеңеш Кыргыз өлкөсүнүн бейпилдик күчтөрүн ЖККУ аркылуу Казакстанга жөнөтүүнү жактырып, андан соң президент аскер кызматкерлерин жөнөтүү боюнча жарлыкка кол койду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: