Актөбеде митингге чыккандар тарай башташты
Казакстандын Актөбе аймагында митингге чыккандар тарай баштады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандагы нааразычылык митингдери башталган аймактардын бири Актөбеде митингге чыккан элдин дээрлик бардыгы борбордук аянтта тигилген боз үй, чатырларын чечип тарай баштады. Аянтта болжол менен 50-60тай киши калган.
Маалыматтарга караганда, Актөбеде мобилдик интернет иштеп, коомдук транспорт жүрө баштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.