Качкын банкир Мухтар Аблязов Батыштан казак бийлигине каршы санкция киргизүүнү суранды
Мухтар Аблязов Батыштан Казакстандын бийлигине каршы санкция киргизүүнү суранды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Аблязов италиялык гезиттердин бирине берген маегинде «Мен АКШ президентине жана бардык Европа өлкөлөрүнүн жетекчилерине Казакстандагы саясий режимге каршы санкцияларды киргизүүнү сурануу үчүн кат жаздым», - деген.
Ошондой эле Аблязов Казакстандагы тополоңго тышкы күчтөрдүн эч кандай тиешеси жок экенине жана болуп жаткан окуялардын баары элдик революция экенине ишенерин билдирген.
Эскерте кетсек, качкын банкир Мухтар Аблязов өзүн Казакстандагы митингдин "лидери" деп атаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Карапайым эл калат а булар башын коргоп кетет.Ортодо элди курал кылып колдонуп жатышат.