super.kg logo

Казакстандагы баш аламандык. Нурсултан Назарбаевдин кызы жана күйөө баласы 200 миллион доллар чыгымга учурады

 

Казакстандагы баш аламандыкта коңшу өлкөнүн миллиардерлеринин байлыгы 3 миллиард долларга кыскарды. Бул тууралуу америкалык Forbes басылмасы жарыялады.

Ага ылайык, "Kaspi.kz" банктын директорлор кеңешинин төрагасы Вячеслав Ким (ред.: Forbes басылмасынын тизмесине 2021-жылы кошулган) жана ошол эле банктын башкармалыгынын төрагасы Михаил Ломтадзе ар бири 1 миллиард 4 миллион долларынан кол жууган.

Мындан тышкары Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Назарбаева жана Тимур Кулибаев 200 миллион доллар чыгымга учураган.

Казак басылмаларынын алдын ала маалыматтарына караганда, баш аламандыкта ишкерлер 215 миллион доллар чыгымга учураган. Казакстандын 10 аймагында 1 181 бизнес субъектиси жабыркаган.

Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
09.01.2022. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул минден бир эле болугу болсо кк
09.01.2022. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекерден келген мүлк бекерге кетиптир да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: