super.kg logo

Казакстанда чек араны кесип өтүүгө аракет кылган 300дөй куралчан адам кармалды

 

Казакстанда мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган 300дөй куралчан адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин билдирүүсүнө таянып, казакстандык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кармалгандардан ок атуучу куралдар, уурдалган мүлктөр, анын ичинде уюлдук телефондор, улуттук жана чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар алынган.

"Мамлекеттик чек арадан унаа менен жана жөө өтүүгө аракет кылган 300дөй адам кармалды", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле 6-7-январь күндөрү демонстранттар Тараз жана Талдыкоргон шаарларында кылмышкерлер жайгашкан СИЗОну куралдуу басып алууга аракет жасашканы жана мындай аракеттердин бардыгына полиция кызматы тарабынан бөгөт коюлганы маалымдалат.

Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Мындан улам коңшу өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
09.01.2022. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар чек ара кызматкерлери! Бекем тургула, Кыргызстанга кирип алып да шоу жасашпасын .
09.01.2022. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайсы мамлекет менен чектешкен чек ара? Толук жазгыла да.
09.01.2022. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калп, бүт жасалма
10.01.2022. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назарбаев,Токоев кланынын апыртмалары болуп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: