Борбордо алдамчылык менен алектенген Гватемаланын жараны кармалды
Алдамчылык менен алектенген Гватемаланын жараны Пласидо Лопес Эрнандес


Алдамчылык менен алектенген Гватемаланын жараны Пласидо Лопес Эрнандес


Бишкекте 19-ноябрда алдамчылык менен алектенген Гватемаланын жараны кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: ИИМдин басма сөз кызматы
ИИМдин
атайын иликтөөчү тобу борбордо жана Чүй облусунда алдамчылык менен алектенген чет
өлкөлүк жарандарды издеп жаткан. Алар кагаздан жасалган долларларды сатып,
курмандыктарына атайын химикаттардын жардамы менен чыныгы валютаны алса болот деп ишендиришкен.
Акча жасоочу химикаттарды жана кагаздарды чет өлкөдөн алып келүү үчүн чоң
суммадагы акча керек болгон. Адамдардын ишенимине кирип, алардан акча алып
турушкан.
Ички ишткер министрлигинин Мыйзамсыз баңги-заттарды ташууга каршы
башкы башкармалыгынын жана Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан алдамчылык
менен алектенген топтун активдүү мүчөсү кармалды. Кармалган 1981-жылы туулган Гватемаланын жараны Пласидио Лопес Эрнандестин Иран, Азербайжан, Япония, Казакстан жана Тажикстанда
алдамчылык кылган аракеттери тууралуу маалыматтар бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aviator

20.11.2013. 10:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
элди алдабаган ушул карабай калды эле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.