Садыр Жапаров Казакстанда кармалган музыкант Викрам Рузахунов боюнча пикирин билдирди
Президент Садыр Жапаров Казакстандагы баш аламандыкка катышканга шектелип кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу президенттин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.Төмөндө мамлекет башчысынын билдирүүсү:
"Урматтуу мекендештер!
Биз Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардарбыз.
Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат.
Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз.
Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү", - деп жазылат президенттин билдирүүсүндө.
Маалымат үчүн:
Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
5
5
Комментарийлер(4)
Jelezo
09.01.2022. 20:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экөөбүз планшети эле карап отурат экебиз.
bekov01
09.01.2022. 22:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo,бирок ал озунунун жумушун аткарып жататда. Башчы баарынан мурда билип турушу керек емне болуп жатканын. А сиз емнеге антесиз
raykray
09.01.2022. 22:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Музыкантты эле эмес ал жакта кармалып колго тушукон кыргыздардын баарын карагыла!
make2
10.01.2022. 01:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Катышып калышы мүнкүн деп айтпа сен президентсиң, так сүйлө,сенин сөзүңдү бүт дүйнө угат,сен блогер эмессиң
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















