super.kg logo

10-январь: Бүгүн Казакстанда Улуттук аза күтүү күнү

 

Бүгүн, 10-январда коңшу Казакстанда январь айындагы баш аламандык учурунда каза болгондорго байланыштуу 10-январды Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

2022-жылдын алгачкы күндөрүндө эле газдын кымбатташынан улам башталган нааразычылык акциялары полиция менен кагылышууга чейин жетип, өлкөнүн көпчүлүк аймагында баш аламандык орун алды. Баш аламандык учурунда жалпы 164 адам набыт болгон.

Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.

БУУнун маалыматы боюнча, Казакстандагы нааразычылык акцияларында 1000дей адам жаракат алган. Республиканын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18 коопсуздук кызматкери каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: