super.kg logo

Казакстандагы баш аламандык: Алматы шаарында абал турукташып бара жатканы айтылды

 

Казакстандын Алматы шаарында абал турукташып баратат. Бирок антитеррордук операциялар уланып, шаарда кээде сиреналардын үнү угулууда. Бул тууралуу "Хабар 24" телеканалы жазды.

"Алматыда абал акырындап турукташып баратат. Ошого карабастан шаардын жашоо активдүүлүгүн толук калыбына келтирүү жөнүндө азырынча айтуу мүмкүн эмес. Шаарда антитеррордук операция уланууда, сиреналар жаңырып, коменданттык саат күчүндө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Алматыга кире бериштеги көзөмөл-өткөрүү жайларында абал тынч экени, эл жергиликтүү аскерлердин талаптарына түшүнүү менен мамиле кылып жатканы айтылды.

Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.

БУУнун маалыматы боюнча, Казакстандагы нааразычылык акцияларында 1000дей адам жаракат алган. Республиканын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18 коопсуздук кызматкери каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: