super.kg logo

Мал уурулук кылмышына шектелип 25 жаштагы жаран кармалды

 

Кыргызстанда июнь айынан бери мал уурулук менен алектенип жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка караганда,  үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында Түп районунун Ак-Таш жайлоосунан 14 баш кой жоголгон. Мындан улам  маал ээси милицияга арыз менен кайрылып, Түп РИИБи иликтөөнү баштаган.  

Жалпы аталган жайлоодон 80ден ашык баш кой жоголгон. Башында мал ээси карышкыр жеп кетсе керек деп анчейин көңүл бурган эмес. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү делинип 1988-жылы туулган ошол эле райондун тургуну К.Э. кармалды.  

Кылмышка шектүү жабырлануучунун жакын таанышы болгон.  Анын бир тууганы мал уурдалган сарайда жумушчу  болуп эмгектенчү. Кармалган адам айрым күндөрү келип сарайда түнөп да калчу экен.  

Кылмышка шектүү уурдаган койлорду сатып, анын акчасына Мазда жана Жигули үлгүсүндөгү унааларды сатып алган.  

Учурда факты боюнча 12 кылмыш иши  козголду.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.11.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кургур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: