super.kg logo

10-январь: Бүгүн Алматыда абал кандай?

 

Алматы комендатурасынын маалымат борбору 10-январда шаардагы кырдаалдын кыскача маалыматын берди.

Комендатуранын маалыматы боюнча, төмөнкү тилкелер митингчилерден тазаланды: Саин – Райымыбек, Карьерная – Жандосов көчөлөрү, Абай – Достык, Аль-Фараби – Желтоксан көчөлөрү.

Алматыда жалпысынан теракт, талап-тоноо жана башка кылмыштардын 508 катышуучусу кармалды. 22 ок атуучу курал жана 1412 ок-дары алынган.

Өткөрүү пункттарында 56 адам жана тогуз унаа кармалган. "102" консолуна 1021 билдирүү келип түшкөн.

Комендатуранын колл-борборуна жарандардан ыкчам чара көрүүнү талап кылган 525 сигнал келип түшкөн. Бардык билдирүүлөр иштетилди.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан жалпы 164 адам каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
10.01.2022. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тушунбодум терракпы.же нааразычылык акциябы Бир Аллахым билет.Канткен кундо да тынчылык болгону жакшы.
10.01.2022. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
508 террорист 22 курал мн кол салыптырда а ошондо
10.01.2022. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алматыда бугун Интернет кошулду убактылуу болсо да.
Жердештер, Тынчтык -деген кандай жакшы)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: