Сот “Бишкек Парктын” алдына митингге чыккандарга айып пул төлөтүү чечимин чыгарды
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 19-ноябрдагы “Бишкек-Парк” соода борборунун алдында митингге чыккандардын төртөөсүнө
айып пул төлөтүү чечимин чыгарып, экөөсүнө эскертүү берди. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Мекеменин маалыматында “Милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын
мыйзамынын 12-беренесине ылайык “Бишкек-Парк” соода борборунун алдында акция
өткөрүүгө тыюу салына турганын алдын ала айтышкан. Бул соода борборунун батыш тарабында 40-50
метр алыстыкта №11-үй-бүлөлүк бейтапкана жана түштүк-батыш тарабында
Орусиянын элчилиги жайгашкан. Ошондой эле башка жарандардын жолдо жүрүүсүнө
тоскоолдук жаратуусу менен түшүндүрүп, акцияны токтотууну талап кылышкан. Акция
токтобогондон кийин акциянын төмөнкү катышуучулары кармалды: Жеңиш Модокматов,
Акылбек Калматов, Жыргалбек Бердибеков, Нурали Балтабаев, Бектур Баймоголов,
Келдибек Жумабаев, Нурсултан Абдысатаров” деп айтылат.
Эскерте кетсек, митингди “Калыс” саясий кыймылынын өкүлдөрү уюштурмакчы болушкан. Алар аталган соода борбордон мыйзамсыз иштен айдалды делген айымдын таламын талашып, соода борборунун жетекчилигинен кечирим суратууну талап кылышарын айтышкан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
KG_URPAGI

20.11.2013. 12:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамды бузуп, кыргыздын жеринде туруп кемсинткен кишини эмес, мыйзамдуу жолду талап кылгандарга чара колдондубу? бул эмне деген келесоолук ыя? эмне акчасы коп адамдын жасаганы туура болуп эсептелеби? манкурттар! чет олколукторду коргогондой биздин да жарандарды колдогонунарда, башкалар келип кемсинте алмак эмес!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.