Казакстанда кармалган Кыргыз жараны Викрам Рузахунов эркиндикке чыкканы кабарланды. ТИМ маалымат такталып жатканын айтты
Казакстандын укук коргоо органдары “жалданма митингчи” деп кармаган Викрам Рузахунов эркиндикке чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Буга чейин айрым басылмалар Викрам Рузахунов бошотулганын, аны учурда Кыргыз мамлекетине алып келе жатканын жазышкан эле.
Бул боюнча Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигине байланышканыбызда учурда бул маалымат такталып жатканын билдиришти.
Ал эми укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз Викрам Рузахунов эркиндикке чыкканын тастыкташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
4

