Хоккей боюнча улуттук курама команда Евразия чемпиону аталды
Хоккей боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы 20 жашка чейинкилер (U-20) арасында өткөн Евразия Кубогунда биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.Ага ылайык, мелдештер 7-9-январь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, ага Кыргыз өлкөсү, Түркия, Болгария жана Босния-Герцоговиниянын курама командалары катышты.
Бардык командалар бири-бири менен беттешип, Кыргыз курама командасы бардык 3 оюнда жеңүүчү болду.
Алгачкы оюнда Кыргыз курамасы Болгарияны 7:5 эсебинде, жарым финалда Түркияны 7:5 эсебинде жеңген. Ал эми финалдык беттеште Босния-Герцеговиния менен ойноп 5:2 эсебинде биринчи орунду ээледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
4
4

Супер-Инфо
super.kg видео

















Спорт каналдардан коруп отуралы келечекте, хоккей боюнча дуйно биринчилигинин финалында Кыргызстан жана Норвегия деп