"Мага карата кыйноо болгон жок". Музыкант Викрам Рузахунов бетиндеги көк ала тактары тууралуу айтты
Мекенине кайтып келген музыкант Викрам Рузахунов ага эч кандай кыйноолор болбогонун айтты. Ал бул тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Мен акча алып митингге келдим деп тараган видео боюнча айта турган болсом, мындай нерсени камерада отургандардан угуп анан жасадым. Анткени ушундай кайрылуу жасап, акча үчүн митингге келгенимди айта турган болсом, ошол жерден өлкөгө кайтарышарын айтышты. Анан ушундай кадамга бардым. Мени эч ким кыйноого алган жок.
Ал эми бетимдеги көк ала тактар 7-январда аскер кызматкерлери кармоо учурунда болду", - деди Рузахунов.
Викрам Рузахунов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Эки эл чуть калды урушуп кетээрине сен үчүн, ответственность деген жок экен да. Казактар эми не дейт бизге? Да силер жеткен лапшагон экенсиңер дешсе керек... Митингке канча адам чыкты суукта сен үчүн, тонуп калтырап?!
Казак бийлиги облом болду десек, облом биз турбайбызбы..
Эркек эмес екенсин.
Кайраштыруу эмес, казактардын сак болгула!!!