Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында кар жаап, туман түшүшү мүмкүн
Бүгүн, 11-январда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаап, туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

