11-январга карата Казакстандагы баш аламандыктан келтирилген зыяндын көлөмү 220 миллион доллардан ашты
Бүгүн, 11-январга карата Казакстандагы баш аламандыктан келтирилген зыяндын көлөмү 220 миллион доллардан ашканын өлкөнүн “Атамекен” улуттук ишкерлер палатасы билдирген.
"11-январга карата келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжолдуу эсептөөлөр боюнча 95 миллиард 300 миллион теңгеден (анын ичинен Алматыда - 93 миллиард 800 миллион теңге) ашты", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 10-январда өлкөдө тополоңдон келтирилген зыяндын көлөмү 215 миллион доллардан ашкан болчу.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.