super.kg logo

Тажик, Өзбек, Казак жарандары. 2021-жылда Кыргыз өлкөсүндө жазасын өтөгөн 19 чет элдик адам эркиндикке чыкты

 

Кыргыз өлкөсүндө жазасын өтөп бүткөн чет өлкөнүн 19 жараны бошотулуп, мекенине жөнөтүлдү. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен кабарлашып, жаза өтөгөндөрдүн арасында Тажик, Өзбек, Казак жарандары бар экенин белгилешти.

"2021-жылдын ичинде сот өкүмүнүн аткарылышы менен Кыргыз жергесинде жазасын өтөп бүткөн Тажикстандын 13, Өзбекстандын 2 жана Казакстандын 4 жараны өлкөдөн чыгарылды.

2021-жылдын январь айында Чүй облусунун аймагында Казакстандын 1987-жылы туулган Ч.К. аттуу жараны баңгизаттарга байланышкан кылмышты жасагандыгы үчүн кармалган. Ал Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту тарабынан эркинен ажыратылган.

Ошондой эле 2021-жылдын апрель айында миграциялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Тажикстандын жарандары мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөнү аныкталган. Текшерүү учурунда коңшу өлкөнүн жарандары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча кармалган жарандар Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту тарабынан эркинен ажыратылган.

2021-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун аймагында Өзбекстандын 1984-жылы туулган М.Ж. аттуу жараны жасалма документтерди колдонгондугу жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн кармалган. Ал өзүнүн мекенинде оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун өкүмү менен эркинен ажыратылып, жазасын өтөгөндөн кийин Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу чечим чыкты", - дешет мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.01.2022. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай тез чыгышкан го бир жылда эле, мүмкүн экстрадиция болушкан өз өлкөсүнө
11.01.2022. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KaGaH,каймак аралаш талкан беришиптир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: