super.kg logo
  Саясат  

Министр: "Садыр Жапаров жакындарына болгон кыйноону токтотуу үчүн абакта өзүнө-өзү кол салган"

 


Садыр Жапаров
2017-жылы абакта отурганда эмнеге өзүнө-өзү кол салганын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Новые лица" Ютуб каналына берген маегинде айтты.

Анын айтымында, Жапаров бул кадамга жакындарына болгон кыйноону токтотуу үчүн барган.

“Чындыгында бул тууралуу бир гана Садыр Нуркожоевич билет. Мен андан сураганымда “Балдарымды, туугандарымды, досторумду, кыйноого алышканынан чарчадым. Ал эми мен аларга жардам бере албадым. Мүмкүн мен өлсөм, бийлик жакындарыма болгон зомбулуктарды токтотобу деп ойлодум” деген эле. Мен барганда анын бир туугандарын таанылгыс кылып сабаганына күбө болгом. Уулу Дастанды дагы кыйнагандарын көрүп санаа тарткам”, - деди министр.

Бейшеналиев бул окуя боюнча кийин кайталап сурабагандыгын, анткени бул тууралуу сүйлөшүү Садыр Жапаровго абдан оор экендигин айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: