АКШ бийлиги Ооганстанга гуманитардык жардам катары 300 миллион доллар бөлөт
АКШ бийлиги Ооганстанга гуманитардык жардам катары 300 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Эмили Хорндун билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, АКШ 308 миллион доллардан ашуун каражатты Ооганстанга гуманитардык жардам катары бөлөт. Муну менен Ооганстанга АКШ тарабынан көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 782 миллион долларды түзөт.
Ошондой эле АКШ бийлиги Ооганстанга COVID-19 илдетине каршы вакцинанын миллион дозасын бере тургандыгы айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.