super.kg logo

Түркиянын "Коняспор" футболдук клубунун оюнчусу жол кырсыгынан каза болду

 

Түркиянын "Коняспор" футболдук клубунун 27 жаштагы оюнчусу Ахмет Чалык жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Түркиянын Футбол федерациясынын расмий сайтына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, футболчу Анкара-Нигде трассасында рулга ээ боло албай калып каза болгон.

"Оюнчубузду жоготуу биз үчүн оор болду. Ал биздин клубга келген алгачкы күнү эле күйөрмандардын жана жалпы команданын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон", - деп айтылат "Коняспор" футболдук клубунун расмий билдирүүсүндө.

Ахмет Чалык футболдук карьерасын "Жаштар биримдиги" клубунда 2012-жылы баштаган. 2017-жылы "Галатасарай" клубуна өтүп, бул клуб менен Түркиянын 2 жолку чемпиону болуп, Түркиянын Кубогун жана Супер Кубогуна татыган. Ал эми 2020-жылы "Коняспор" клубуна өткөн. Бул клуб менен футболчу жалпысынан 8 оюн өткөрүп, "Евро-2016" чемпиондугуна катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: