Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Жалал-Абад облусунун
Ала-Бука районунда 18-ноябрь күнү Көлбаевдин уюшкан
кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 20-ноябрда
Жалал-Абад облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, кармалган
Алибеков Нурсен Замирбекович
мурун каракчылык кылмышы менен
соттолгон. Ал 2013-жылдын 31-октябрында
Ала-Бука районунун Ызар
айылынын тургуну, 1970-жылы туулган Дербишев Наркулдун денесине үч
жолу бычак сайып качып кеткени үчүн издөөдө
жүргөн.
Жалал-Абад облусунун
Ала-Бука РИИБинин иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин оперативдик-иликтөө иштеринин
натыйжасында кылмышкер Алибеков
Н.З. кармалып, райондук убактылуу
кармоочу жайга жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.