super.kg logo

Бириккен улуттар уюму: "Дүйнөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады"

 

2021-жылы дүйнөдө азык-түлүктүн баалары рекорддук чекке жетти. Мындай маалымат Бириккен улуттар уюмунун сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы 28,1 пайызга жогорулаган. Муну менен бул 2012-жылдан берки кескин түрдө кымбаттоо болуп калды.

Декабрь айында азык-түлүк бааларынын индекси орточо эсеп менен 133,7 пунктту түзгөн. Ноябрь айына салыштырмалуу 0,9 пайызга төмөн, бирок 2020-жылдын декабрына караганда 23,1 пайызга жогору болгон.

"Жыл ичинде дан эгиндердин баасы 27,2 пайызга жогорулады, бул 2012-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Жүгөрү жана буудайдын баасы 44,1 жана 31,3 пайыз, сүт азыктары 16,9 пайыз, эт 12,7 пайызга кымбаттады. Өзгөчө өсүмдүк майы жана кумшекердин баалары өстү. Тагыраагы, өсүмдүк майы 65,8 пайызга, канттын баасы 37,5 пайызга көтөрүлгөн. Ал эми күрүчтүн баасы 4 пайызга төмөндөгөн. Кой, уй жана тоок эттери эң чоң өсүштү көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.

Эксперттер баанын кымбатташын өндүрүүчүлөрдүн, анын ичинде энергетикага жана транспортко кеткен жалпы чыгымдардын өсүшү менен түшүндүрүшкөн. Мындан тышкары буудай түшүмүнүн жетишсиздиги жана борборлоштурулган сатып алуулар таасир эткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.01.2022. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жок мен макул эмесмин. Кымбатчылык кыргыз бийлигинин шалаакылыгынан болду деп бироо чыгат.
12.01.2022. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
nurbek11,туура айтасың кебирөлөрү жазып жатышпайбы өкмөт күнөөлү деп!
Бүткүл дүйнө жүзүндө болуп жатат кымбатчылык!
12.01.2022. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
nurbek11,ал адамдар бийликти жана С.Нургожоевти коралбагандар жазышат.коздору кор болуп калгандар.аларга миң айтсан дагы жетпейт,кирбейт.бара бара жашоо кандай болот болду экен? 1 нанды азыркы 1 мешок ундун баасына алып калабызбы деп ойлойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: