super.kg logo

Бишкекте тепловоз сүзүп кеткен адамдын үч айдан бери жакындары табылбай жатат. Милиция жардам сурайт (абайлаңыз сүрөт)

 

2021-жылдын 11-октябрында саат 23:40тар чамасында Кулиев-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан темир жолдо тепловоз 25-30 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү адамды сүзүп кеткен.

Бул фактыны Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы РИИБге каттаган. Ошол убакыттан бери каза болгон жарандын жакындары табылбай жатат.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, мурду түз, бети сүйрү, чачы кара кыска, үстүнкү жана астынкы жаагындагы тиштеринин бардыгы өзүнүкү.

Кийген кийимдери: жеңи кара боз күрмө, кочкул көк түстөгү футболка, кара шым, кара боз байпак, бутунда гөлөч болгон.

Сүрөттөгү адам тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу кабарласа болот: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0 (551) 088- 330 жана 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.01.2022. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: