super.kg logo
  Саясат  

"Сөгүнбөгүлө". Үй камагына чыккан депутат Акбөкөн Таштанбеков ага коюлган айыптар боюнча жооп берди

 

Үй камагына чыккан депутат Акбөкөн Таштанбеков ага коюлган айыптар боюнча SUPER.KG порталына жооп берди. Ал бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынына келди.

"Сөгүнбөгүлө. Негизи эки адам ар кандай сүйлөшөт да. Бирок менин жашым улуу болгондуктан сөгүнбөшүм керек эле. Бирок 70 пайыз эл сөгүнөт, анын баарын камай берсек болбойт. Менин оюмча, мыйзам бузуулар болду. Кийин айтып берем. Мага койгон доону кимге болсо деле койсо болот", - дейт ал.

Эске салсак, Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалган. Ага карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча иш козголгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго ырастама жана төш белги тапшырылган.

10-январда ал үй камагына чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: