Тажикстан менен чек арада жашоо коркунучтуу болуп жатканын айткан Адил эсиңиздеби? Анын атасы эркиндикке чыкты
Коңшу Тажикстан менен чек арада жашоо оор болуп жатканын Адилдин атасы Эсен Мажитов кайрылуу жасады. Кайрылууну Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Эсен Мажитов өз кайрылуусунда Ассоль Молдокматовага ыраазычылыгын билдирген.
"Биздин көйгөйүбүздү Садыр Жапаровго жеткирип, баламды окууга киргизгениңиз үчүн ыраазычылыгымды билдирем", - деди Эсен Мажитов.
Эске салсак, март айында Адил Абдурахимов аттуу бала Кыргыз-Тажик чек арасында жашаганын, ал жак кооптуу экенин айтып бул маселени чечип берүүнү суранып президентке интернет аркылуу кайрылып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Кийинчерээк, 26-апрелде "Тажик тарап жолдошумду куру күнөөлөп, Орусиядан кармап камакка алышты" деген Эсен Мажитовдун жубайы SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берген. Андан кийин Адилди өлкө башчы Садыр Жапаров кабыл алган.
кошулду
Адилдин атасы эркиндикке чыкты




1 |