super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-январь: 1906-жылы радиону ойлоп тапкан орус физиги Александр Попов каза болгон

 

Радиону ойлоп тапкан орус физиги жана электротехниги Александр Попов 1906-жылы 13-январда 46 жашында Санкт-Петербургда каза болгон.

Зымсыз электр байланышын узактыкка берүү каражатын табуучулардын бири Александр Попов 1859-жылы 16-мартта туулган. А.С.Поповдун радио жана радио байланышка сиңирген эмгеги 1900-жылы Париж шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медалга арзыган. Попов Орусияда радиону биринчи ойлоп тапкан адам катары эсептелинет.

Анткен менен ал бул тармактын жападан жалгыз "улуттук" талапкери эмес. Америка Кошмо Штаттарында бул орунга Никола Тесланы, Францияда Эдуард Бранлини, Италияда Гульельмо Марконини коюшат.

Поповдун жактоочуларынын пикирине караганда, ал Гульельмо Маркониге чейин 1895-жылдын 7-майында биринчи жолу радио приёмникти иштеткен, 1896-жылдын 24-мартында болсо радио телеграфтын иштешин көрсөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: