Кайыңдыдагы адам өлүмү: Кармалган адам маркум менен спирт ичимдигин ичкени айтылды
Чүй облусунун Панфилов районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 11-январь күнү саат 01:46 чамасында милицияга Кайыңды шаарындагы батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маркумдун аты-жөнү такталып, ал 33 жаштагы А.К. экендиги аныкталган.
"Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 34 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар чогуу спирт ичимдигин ичип, андан кийин пикир келишпестик жаралып, кармалган адам өзүнүн досун сабап өлтүргөн", - деп билдиришти облустук милициядан.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.