Кимдир бирөөнүн жылдап топтогон акчасы, мээнети. Алматыда өрттөлгөн унаалардын сүрөттөрү






Алматы шаарында 140 өрттөлгөн жана талкаланган унаалар убактылуу токтотуучу жайда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Алматы шаарынын Куткаруу кызматынын башчысы Бейсегали Жунусовдун айтымында, баш аламандыкта Алматы шаарында 47 унаа өрттөлсө, 48ине ок атылып, дагы 17 унаа каракчылыкка кабылган. Мындан тышкары, 40 жеңил унаа укук коргоо органдарына таандык.
Убактылуу токтотуучу жайда Гелендваген, Лексус жана Мерседес унааларын, ошондой эле митингчилер басып алган аскердик жүк ташуучу унааларды көрүүгө болот.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Булардын баары казак бийлиги 30 жылда уурдаган акчанын жанында нандын кукумундой эле кеп да...
Казак элинин эркиндиги... Эркиндиктин баасы акча менен олчонбойт.....