super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга чет жердеги мекемелерге коюлган милдеттерди чечүүдө көмөк көрсөтүүнү тапшырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы жана башкы консулчулуктардагы элчилери жана туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин учурдагы милдеттерин ишке ашырууга, өлкөнүн чет жердеги мекемелеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы чет өлкөлөрдө өлкө жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, чет өлкөлүк инвестицияларды, технологияларды жана билимдерди тартуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ата мекендик продукцияны тышкы рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү, туристтик агымды жогорулатуу, максаттуу экологиялык фонддордон, чет өлкөлүк өнөктөш өлкөлөрдөн, көп тараптуу финансылык институттардан эл аралык климатты каржылоону тартуу боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

"Жогорудагы милдеттерди ишке ашыруу сиздердин ишиңиздердин негизги, чечүүчү көрсөткүчтөрүнүн бири болууга тийиш. Ишти реалдуу жыйынтыктарга умтулуу менен натыйжалуу жүргүзүү керек. Албетте, республикада буга катар инвестициялык жана ишкер климатты жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүшү зарыл. Министрлер Кабинети өлкөдө бизнес климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бардык чараларды көрүүдө", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Кеңешменин жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин жана чет жердеги мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.

Акылбек Жапаров алардын иши үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган максаттарга жетишүүдө ийгиликтерди каалады.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга чет жердеги мекемелерге коюлган милдеттерди чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: