Өзгөндө жол кырсыгынан 31 жаштагы айдоочу көз жумду
Өзгөндө катталган жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 10-январда саат 21:10 чамасында Өзгөн-Мырза-Аке унаа жолунун 10-чакырымында катталган.
Анда 1990-жылы туулган Ж.у.М. аттуу жарандын башкаруусундагы КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа чыгыштан батышты көздөй бара жатып, карама-каршы тилкедеги Хонда Фит унаасы менен кагышкан. Жеңил унааны Мырза-Аке айылынын 1991-жылы туулган тургуну С.М. башкарып бара жаткан.
Кырсыктын кесепетинен Хонда Фит унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден жан берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.