"Кыргыз темир жол" ишканасы эмне себептен адамды поезд сүзүп кеткенин түшүндүрдү
Поезд сүзүп кетип каза болгон адам берилген үн сигналдарына реакция кылган эмес. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз катчысы SUPER.KG порталына билдирди.
"14-январда саат 13:40 чамасында 3788-чакырымында жолдо адам болгондугуна байланыштуу тепловоз авариялык тормоздолгон. Ауэзов-Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен берилген үн сигналдарына адам реакция кылган эмес. Тилекке каршы, адам ошол жерден каза болгон. Тиешелүү иштер укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүдө" - деди ал.
"Кыргыз темир жол" ишканасы жарандарды темир жолго жакын жерде коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет.
Эскерте кетсек, бүгүн, 14-январда бир адамды поезд сүзүп кеткени маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.