Казакстандагы митинг тууралуу документалдык тасма тартылды (видео)
Коңшу Казакстанда январь айында орун алган баш аламандыктар боюнча документалдык тасма тартылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
"2022-жылдын алгачкы күндөрүндө Казакстанда болгон кайгылуу окуялар тарыхыбызда “Алматы трагедиясы” катары калат. Буга байланыштуу тартылган документалдык тасма “Жаңы Казакстан. Бул кандай болот?" деп аталат", - деп жазылат билдирүүдө.
Тасма өлкөнүн бардык телеканалдарында бүгүн, 15-январда көрсөтүлөт.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетип, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.
Казакстандагы митинг документалдык тасма тартылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.