super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарындагы №4-төрөт үйүнүн жетекчиси кызматтан бошотулду

 

Бишкек шаарындагы №4-төрөт үйүнүн жетекчиси тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу кызматтан четтетилди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева 20-ноябрда маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, жогорудагы төрөт үйүнүн жетекчилиги акыркы жылдары бир нече жолу алмаштырылган. Ал эми жумуштан бошотулган акыркы жетекчинин иштеп жатканына 4 ай болгон. Бирок бул аралыкта алгылыктуу иштерди жүргүзө алган эмес.

“Төрөт үйүнүн бардык кызматкерлерин кызматтан бошотуп, жаңысын алуу эч мүмкүн эмес. Төрөт үйүнө жетекчи болуп келе турган адам, биринчи кезекте кызматкерлер арасындагы ишти жөнгө салышы керек”,- деди министр.

Эске салсак, жогоруда аталган төрөт үйүндө 5-ноябрь күнү ымыркай уурдалып, 14-ноябрда табылган. Бүгүнкү күнү кылмышка шектүүлөр кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: