Жусупали Исаев, депутат: "Кыргызстанда жакында мактана турган тоолор менен боз үйдөн башка эч нерсе калбайт"
Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында депутат Жусупали Исаев “Кыргызстанда жакында чет элдик жарандарга көрсөтүү үчүн тоолор менен боз үйдөн башка эч нерсе калбай калат” деп билдирди. Айтымында, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жетиштүү иштебей жатат.
“Бурана мунарасы боюнча бир нече жолу маселе көтөрдүм. Аны оңдоп-түзөөгө 10 миллион сом талап кылынат экен”,- деди депутат. Аталган министрликтин башчысы Султан Раев мунараны ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү планы бар экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

