super.kg logo

Алматыдагы баш аламандык учурунда өлүкканадан 41 адамдын сөөгү уурдалганы айтылды

 

Казакстандагы баш аламандыктан Алматы шаары боюнча 149 адам каза болду. Мындай статистиканы Алматы шаардык полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов брифинг учурунда айтканын казак басылмалары жазышат.

Маалым болгондой, каза болгондордун ичинен 11и укук коргоо кызматкери болсо, калганы жергиликтүү тургундар.

"Ал 5-январдан 6-январга караган түнү баш аламандыктын катышуучулары шаардык ички иштер бөлүмүн, Алмалы, Жетисуу, Ауэзов, Бостандык райондук бөлүмдөрүн жана жергиликтүү милиция кызматынын имаратын куралдуу басып алууга аракет кылышканын эске салды.

Ошондой эле бул күндөрү өлүкканага жети жолу кол салуу болуп, 41 маркумдун сөөгү белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын айтты", - деп жазылат маалыматта.

Коңшу өлкөдөгү массалык баш аламандыктан жалпы 225 адам көз жумуп, анын 175и медициналык жайларда жан бергенин казак маалымат каражаттары кабарлашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: